Теке 14, 2025
Убакыт: 17:25
USD
87.30
87.80
EUR
101.60
102.60
RUB
1.100
1.130

УКМК чет элдик жарандарга мыйзамсыз диплом берүү схемасын аныктады

14.07.2025 13:07
22
УКМК чет элдик жарандарга мыйзамсыз диплом берүү схемасын аныктады


Чет элдик жарандарга медициналык дипломдорду берүүнүн мыйзамсыз схемасы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.


Атайын кызмат козголгон кылмыш ишинин алкагында Эл аралык медициналык университет жеке менчик жогорку окуу жайынын профессордук-окутуучулук курамынын айрым кызматкерлерин кармады.


Кармалгандар чет өлкөлүк жарандар менен акчалай сый акы үчүн кылмыштуу бүтүмгө кирип, алардын Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүзүндө болбогонуна карабастан окуу жана баалоо иш кагаздарын бурмалашкан.


Андан ары жасалма окуу мөөнөтү аяктагандан кийин чет өлкөлүк жарандарга мыйзамсыз түрдө медицина тармагында жогорку билими тууралуу дипломдор берилген. Мындай аракет илимге болгон ишенимге доо кетирип, Кыргызстандын жогорку билим берүү системасын эл аралык аренада жаманатты кылган.


Учурда бул ишке тиешеси бар бардык адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн