Тилекмат Кудайберген уулу Бишкекке алып келинди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Атайын кызмат тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында бүгүн, 19-апрелде конституциялык түзүлүштүн негиздерине каршы бир катар оор кылмыштарды жасаган деп шектелген, эл аралык издөөдө жүргөн Кыргызстандын жараны Тилекмат Кудайберген уулу Бириккен Араб Эмираттарынан кармалып, Кыргызстанга жеткирилди.
Тактап айтканда, Тилекмат Кудайберген уулу республиканын чегинен сырткары жүргөндө өзүнүн шериктери менен биргеликте социалдык тармактардагы көп сандаган аккаунттары аркылуу, Кыргызстанда бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу менен массалык баш аламандыкты уюштурууга чакырган чагымчыл постторду жана видео кайрылууларды байма-бай жарыялап турган.
Учурда Тилекмат Кудайберген уулу кылмыштуу байланыштарын аныктоо жана кармоо боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары Кыргызстандын аймагында да, республиканын чегинен тышкары жерлерде да жүргүзүлүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн