Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 21:52
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

УКМК Көлбаевге таандык унаанын атайын кызматка берилгени тууралуу маалыматты четке какты

19.01.2024 13:56
392
УКМК Көлбаевге таандык унаанын атайын кызматка берилгени тууралуу маалыматты четке какты


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги тарабынан мурда кримтөбөл Камчы Көлбаевге таандык болгон эки автоунаанын атайын кызматка берилгени тууралуу маалыматты четке какты. Атайын кызматтын төгүндөө билдирүүсү 19-январда жарыяланды.

Маалыматта УКМК буга чейинки ыкчам-тергөө иштерининин жүрүшүндө Көлбаевге таандык унааларды аныктап, бул мүлк боюнча чечим кабыл алуу үчүн аларды Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигине өткөрүп бергени айтылат.

“УКМКнын балансында өзүнүн милдетин аткарууга жетиштүү сандагы автоунаалар бар. УКМК жарандарды чагымчыл мүнөздөгү, такталбаган маалыматтарга ишенбөөгө жана мамлекеттик мекемелердин гана маалыматтарын алууга чакырат”,- деп айтылат билдирүүдө.

Атайын кызматтын билдирүүсү боюнча Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги комментарий бере элек.

17-январда аталган агенттик мурда кримтөбөл Камчы Көлбаевге (Камчыбек Асанбек) таандык болгон эки автоунааны президенттин иш башкармалыгы менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке өткөрүп бергенин билдирген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн