Чын курандын 26, 2025
Убакыт: 16:35
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

УКМК: Каракол шаарынын мурдагы мэри кармалды

10.04.2025 11:32
206
УКМК: Каракол шаарынын мурдагы мэри кармалды


Каракол шаарынын мурдагы мэри кармалды. 


Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, Каракол мэриясынын жетекчилиги жана башка адамдар кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, муниципалдык жер тилкесин арзандатылган баада саткан фактылар аныкталды.


Алсак, Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Э.А. өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жеке кызыкчылыгын көздөп, жасалма аукцион уюштуруу жолу менен Каракол шаарынын Кашка-Суу кичи районундагы жер тилкесин А.Н.К. аттуу КР жаранына жеке менчикке берип, кийинчерээк ал кымбат жер участогуна алмаштырылган.


Мында Каракол шаарынын мэриясынын кызмат адамдарынын иш- аракеттери тооруктарды өткөрүү жана башка жер участогуна алмаштыруу иштери, мэрдин кызмат ордун ээлеген А.Ф.А. тарабынан жүргүзүлгөн.


Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча А.Ф.А. Каракол шаарынын №23 тергөө абагына камакка алынды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн