Кулжа 17, 2025
Убакыт: 10:17
USD
87.30
87.80
EUR
100.50
101.50
RUB
1.100
1.140

УКМК: Дипломду мыйзамсыз алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду

05.07.2022 15:31
563
УКМК: Дипломду мыйзамсыз алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду


Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин билими тууралуу жасалма диплому болушу жана колдонулушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасын аткаруунун алкагында, 2022-жылдын 4-июлунда КР УКМК тарабынан Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы Т.М. жогорку билими тууралуу дипломду мыйзамсыз алуу фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүмүнүн (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) негизинде кылмыш иши козголду.


Басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, 2003-жылы Т.М. КУУнун экономика факультетинин 3-курсунда окуп жүрүп, ушул эле окуу жайдын юридикалык факультетинин 1-курсуна мыйзамсыз түрдө тапшырган.


Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары, анын ичинде судья Т.М. жогорку билими тууралуу жазалма дипломду пайдалануу фактысын аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн