Теке 18, 2025
Убакыт: 17:06
USD
87.30
87.80
EUR
101.20
102.20
RUB
1.110
1.135

УКМК Бишкектеги оңдолгон жолдордун сапатын текшере баштады

18.07.2025 11:41
23
УКМК Бишкектеги оңдолгон жолдордун сапатын текшере баштады


Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкектеги жолдордун сапатын текшерип жатат.


Атайын кызматтын маалыматына караганда, соңку учурда Бишкек шаарынын жолдорун оңдоо иштеринин жүрүшүндө мүмкүн болгон мүчүлүштүктөрдү жана кемчиликтерди көрсөткөн материалдар социалдык тармактарда активдүү тарап жатат.


Жол долбоорлорун ишке ашырууда сапатты жана ачыктыкты камсыз кылуу маанилүү болуп саналат. Алсак, 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча шаардын негизги жолдорун оңдоого 1,38 млрд сом өндөштүрүлгөн. Ал эми шаардын көчөлөрүн оңдоп-түзөө иштерине 2025-жылга бюджеттен 5 млрд сомго жакын каражат каралган. Бул эң катуу көзөмөлдү талап кылган масштабы боюнча болуп көрбөгөндөй каржылоо экенин белгилей кетүү керек.


Мындан улам УКМК тарабынан тергөөгө чейинки текшерүүлөр жүргүзүлүп, аткарылган иштердин сапатын, көлөмүн жана бекитилген долбоордук-сметалык документтерге шайкештигин комплекстүү текшерүүгө багытталган тиешелүү экспертизалар дайындалды.


Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча мүчүлүштүктөрдүн, техникалык ченемдердин бузулушунун, ошондой эле иштин көлөмүн же наркын ашыкча баалоо фактылары ырасталган учурда, мыйзамдын чегинде күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу чаралары көрүлөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн