Теке 18, 2025
Убакыт: 20:45
USD
87.30
87.80
EUR
101.20
102.20
RUB
1.110
1.135

Тамчыда чек арачыларга кызматтык үйлөр тапшырылды

18.07.2025 16:14
20
Тамчыда чек арачыларга кызматтык үйлөр тапшырылды


Бүгүн Тамчы айылында Чек ара кызматынын кызматкерлери үчүн атайын курулган эки көп кабаттуу турак жайдын ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. 


Атайын кызматтын маалыматына караганда, мында 51 аскер кызматкеринин үй-бүлөсү жаңы, ыңгайлуу жана заманбап батирлерге ээ болушту. Жаңы үйлөрдүн короосунда балдар аянтчасы, волейбол аянтчасы жана жашоочулар үчүн бардык шарттар каралган.


Салтанаттуу иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катышып, батирлердин ачкычтарын өзү тапшырды.


"Мамлекеттик чек араны кайтаргандар үчүн татыктуу шарт түзүү — мамлекеттин артыкчылыгы. 1-июлдан тарта офицерлердин айлыгы 20 миң сомго жогорулады. Октябрда башка аскер кызматкерлердин да маянасы көтөрүлөт", - деди ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн