Чын курандын 26, 2025
Убакыт: 16:33
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Тяньцзинь шаарында ШКУнун инвестиция боюнча жумушчу тобунун жыйыны өттү

11.04.2025 14:04
500
Тяньцзинь шаарында ШКУнун инвестиция боюнча жумушчу тобунун жыйыны өттү


10-апрелде Кытайдын Тяньцзинь шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун инвестиция боюнча жумушчу тобунун IX отуруму өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.


Маалыматка караганда, жыйында Кыргызстан глобалдык соода-экономикалык өзгөрүүлөрдүн шартында биргелешкен долбоорлорду каржылоонун негизги каражаты катары Шанхай кызматташтык уюмунун Өнүктүрүү банкын түзүүнү колдоду.


Жыйынга Экономика министрлигинин Кытайдагы Соода өкүлчүлүгүнүн эксперти Бекетай Мухтар катышты. Ал өз сөзүндө кесиптештерин ШКУ мамлекеттеринин көп тараптуу соода-экономикалык кызматташтык Программасын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалымдады, ошондой эле бир катар артыкчылыктуу багыттар боюнча кыргыз тараптын позициясын билдирди.


Иш-чаранын алкагында катышуучулар инвестициялык климатты жакшыртуу, туруктуу өнүктүрүү чөйрөсүндө өз ара аракеттенүүнү бекемдөө жана мүчө мамлекеттердин экономикалык эгемендүүлүгүн күчөтүү багытындагы маанилүү кадам катары улуттук валютадагы эсептөөлөргө өтүү маселелерин талкуулашты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн