Ысык-Көл облусунун Түп РИИБнин улук опер кызматкери милициянын улук лейтенанты Б.А.Н. 30 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды.
Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Б.А.Н. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, алдамчылык фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кылмыш жоопкерчилигине тартуу аркылуу коркутуп, жабырлануучудан опузалап акча талап кылган.
Белгиленгендей, жогоруда аталган кызматкер буга чейин «МБанк» мобилдик банк тиркемеси аркылуу жабырлануучудан 13 миң сом алганы аныкталган.
Тергөөнүн жыйынтыгы менен кармалган жаран Каракол шаарындагы №23 тергөө абагына киргизилди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн