Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 08:45
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу: Көк-Арт ашуусундагы тоннелди тешүү ийгиликтүү аяктады

31.01.2022 11:10
2167
Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу: Көк-Арт ашуусундагы тоннелди тешүү ийгиликтүү аяктады

Түндүк-Түштүк унаа жолундагы Көк-Арт ашуусу аркылуу тоннелди тешүү иштери аяктап, магистралдык тоннелдин курулушу уланууда, деп билдирет КР Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы.


Маалыматка ылайык, Түндүк-Түштүк, Фаза 1, Казарман айылы – Жалал-Абад шаары альтернативдүү унаа жолун куруунун алкагында узундугу 3890 метрди түзгөн тоннелдин курулушу жүрүп жатат. Тоннелдин бийиктиги болжол менен 9 метрди, туурасы 10 метрди түзөт, бул экинчи техникалык категориядагы эки тилкелүү кыймылды эркин өткөрүүгө мүмкүндүк берет. Салыштыруу үчүн айта кетсек, Бишкек-Ош унаа жолундагы Көлбаев тоннелинин туурасы 6,2 метр, бийиктиги 4,5 метр.


Ошондой эле туннелге параллель авариялык кырдаалда адамдарды жана унааларды эвакуациялоого мүмкүндүк берген бийиктиги жана туурасы 4 метрди түзгөн өтмөк казылып жатат. 2022-жылдын 30-январында адиттин казуу иштери аяктап, магистралдык тоннелде иштер уланууда. Тоннель куруу иштерин бүтүрүү 2022-жылдын аягына пландаштырылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн