Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 00:43
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Түлөбаев коомдук транспорттордо жүрүү акысын этабы менен көтөрүүнү тапшырды

18.01.2021 18:28
819
Түлөбаев коомдук транспорттордо жүрүү акысын этабы менен көтөрүүнү тапшырды

Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев мэриянын Шаардык транспорт башкармалыгына жол кирени этап-этабы менен көтөрүү маселесин иштеп чыгууну тапшырды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, маршруттук каттамдарын жол кире акысы тууралуу долбоор экспертизадан, анализинен өтүп, адистештирилген комиссиянын корутундусу чыгышы керек.


Эң маанилүү маселе жарандар тарабынан коомдук талкууда каралышы керек.


Эскерте кетсек, Бүгүн, 18-январда айрым маршрутканын айдоочулары линияга чыкпагандыгына байланыштуу Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирүү жасаган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн