Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 05:34
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Төрөбай Зулпукаров: “Мыйзамды каалагандай өзгөртө бергенге каршыбыз”

29.01.2020 10:30
960
Төрөбай Зулпукаров: “Мыйзамды каалагандай өзгөртө бергенге каршыбыз”

Учурда шайлоодо парламентке өтүү босогосун 9 пайыздан 5 пайызга төмөндөтүү жөнүндө Жогорку Кеңеште талаш-тартыштар жүрүүдө. Буга байланыштуу депутат Төрөбай Зулпукаров:  “2015-жылы алтынчы чакырылыштын депутаттары Жогорку Кеңешке 7 пайыздык шайлоо босогосунан өтүп келишкен. Азыр иштей турган мыйзам 2017-жылы 5-июнда президенттин Жарлыгы менен бекитилген. Ошондо бул мыйзамды талкуулоо учурунда бир дагы саясий партия каршы болгон эмес”,- деп билдирди.

Депутат Жогорку Кеңеш өз укуктук-ченемдеринен чыкпашы керектигин жана эби келгенде эле өзүнүн кызыкчылыгына жооп берген мыйзамды кабыл алууга аракет кылбашын эске салды. 

“Ушул эле депутаттар 2017-жылы мыйзамды кабыл алган. Анан эле ал мыйзам кайра кызыкчылыгына төп калбай калса, башкасын демилгелеп чыга беришеби? Ошондуктан мыйзамды каалагандай эле өзгөртө бергенге каршымын”,- деди депутат.

 

Ошондой эле ал шайлоого бир жыл калганда шайлоо мыйзамдарын өзгөртпөө керектигин жактай тургандыгын айтты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн