Теке 31, 2025
Убакыт: 05:30
USD
87.30
87.80
EUR
100.60
101.60
RUB
1.055
1.090

Жогорку Кеңештин төрагасы Кореянын Улуттук Ассамблеясынын делегациясын кабыл алды

30.07.2025 11:45
33
Жогорку Кеңештин төрагасы Кореянын Улуттук Ассамблеясынын делегациясын кабыл алды


Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Хан Чжон Э баштаган Кореянын Улуттук Ассамблеясынын делегациясын кабыл алды.


Парламенттен билдиришкендей, жолугушууда Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселеси талкууланып, анын ичинен парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо тууралуу сөз болду.

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Корея Азия-Тынч океан аймагындагы Кыргызстандын негизги өнөктөштөрүнүн бири экенин белгилеп, акыркы жылдары эки мамлекеттин кызматташтыгы жигердүү өнүгүп жатканын кошумчалады. 


Айрыкча парламенттер аралык байланыштар активдүү уланып, биргелешкен иш-чаралар байма-бай уюштурулуп жатканын айткан Төрага бүгүн Бишкекте башталган суу ресурстары боюнча Азия парламенттер аралык консультативдик кеңешинин кезектеги жыйыны буга мисал экенин эске салды.


”Иш-чара жогорку деңгээлде өтөрүнө жана жолугушуунун жыйынтыгында Азия чөлкөмүндөгү кызматташтыктын жаңы багыттары аныкталарына терең ишенем. Биз бул платформаны өнүктүрүп, кыргыз-корей өнөктөштүгүнүн бир мисалы катары жаңы деңгээлге чыгарышыбыз керек. Анткени, парламенттер аралык диалогдун алкагында биз суу ресурстарын сактоо боюнча жакшы демилгелерди талкуулап, аларды ийгиликтүү ишке ашыра алабыз", - деди төрага. 


Ошону менен катар эки тараптуу иш сапарлар байланыштарды бекемдөөгө өбөлгө түзүп жатканын билдирген төрага "Борбор Азия+Корея" форматындагы жолугушуулар да ийгиликтүү өтүп жатканына токтолду. 


Андан тышкары, эки мамлекет ортосундагы соода байланыштар соңку жылдары рекорддук чекке жеткенин белгиледи.


"Биз инфраструктура, транспорт, өнөр жай, санариптештирүү, тоо-кен жана текстиль тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырып, экономикалык кызматташтыкты да натыйжалуу улантууга кызыкдарбыз. Анткени, аталган тармактарда мүмкүнчүлүктөрүбүз өтө көп. Бул үчүн кыргыз-корей өкмөттөр аралык комиссиясы да активдүү иш алып баруусу кажет", - деди ал. 


Өз кезегинде Хан Чжон Э да кыргыз-корей кызматташтыгынын актуалдуу маселелерине токтолуп, анын ичинен биргелешип жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттер тууралуу сөз кылды.


Муну менен катар суу ресурстарын коргоо жана климаттагы өзгөрүүлөрдү жөнгө салуу жаатындагы иш-чараларды уюштурууга көрсөткөн көмөгү үчүн кыргыз тарапка ыраазычылык билдирди. 


"Кыргызстан чөлкөмдөгү биздин негизги өнөктөштөрүбүздүн бири. Бизде алакаларды арттырууга багытталган чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Экология тармагынан тышкары, экономика жаатында да тыгыз иш алып барууга кызыкдарбыз", - деди ал.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн