Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам ашууларда кар жаап, жол тазалоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Жумуштар "Кыргызавтожол-Түштүк" жана "Кыргызавтожол-Түндүк" мамлекеттик ишканалары тарабынан аткарылып жатат. Каттам бар.
Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолундагы Ак-Бейит, Түз-Бел жана Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолунун Талдык, Тоң-Мурун ашууларында кар жаап, инерттик материалдар чачылууда. Ал эми Төө-Ашуу менен Ала-Белде күн бүркөк.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого чакырат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн