Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 13:44
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Тойканаларга массалык иш-чараларды өткөрүүгө уруксат берилиши мүмкүн

15.09.2020 17:44
1221
Тойканаларга массалык иш-чараларды өткөрүүгө уруксат берилиши мүмкүн


Кафе, ресторандарды, тойканаларды 100 орунга чейин толтурууга уруксат бериле элек. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов 15-сентябрдагы брифингде билдирди. 


Анын айтымында, бул маселе республикалык штабда каралмайынча, алардын иштешине уруксат берилбейт. 


"Азыркы тапта, жарандардан, ишкерлерден кафе-ресторандарды 100-150 орунга чейин көбөйтүү боюнча талаптар, суранычтар болууда. Бирок, биз биринчиден кырдаалды эске алып, экинчиден кафе-ресторандардын ээлери менен биргеликте шарттарды туура түзгөнгө жетише ала турган болсок, анда бул маселени караганга мүмкүнчүлүк туулат”, - деди Кубатбек Боронов.  

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн