Кулжа 29, 2025
Убакыт: 05:25:01
USD
87.20
87.70
EUR
101.80
102.80
RUB
1.105
1.135

Төрөбаев күйүүчү майдын баасын арзандатуу мүмкүн эместигин айтты

12.03.2025 14:37
852
Төрөбаев күйүүчү майдын баасын арзандатуу мүмкүн эместигин айтты


Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев парламенттин жыйынында депутаттарга күйүүчү-майлоочу майдын баасын эмне үчүн 60 сомго чейин төмөндөтүү мүмкүн эместигин айтты.


Эл өкүлү Казакстанда 50 сомдон сатылган күйүүчү-майлоочу май, эмне үчүн Кыргызстанда 67 сомдон сатылып жатканына кызыкты.


“Дыйкандар күйүүчү-майлоочу май Казакстандан үйлөрүнө чейин 60 сомдон алынып келип жатканын айтышууда”,-деди ал.


Бакыт Төрөбаев күйүүчү-майлоочу майдын баасы төлөнүп жаткан салыкка байланыштуу экенин айтып, ал эми аткезчилик жол менен өлкөгө кирген күйүүчү майдан салык алынбай турганын белгиледи.


“Ошондуктан күйүүчү-майлоочу майларды 60 сомдон сата албай жатабыз. Бул мүмкүн эмес”,- деди Төрөбаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн