Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 12:23
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.045
1.090

Тоолуу райондордо жаан жаашы күтүлөт, - 19-июнга карата аба ырайы

19.06.2020 09:05
1216
Тоолуу райондордо жаан жаашы күтүлөт, - 19-июнга карата аба ырайы


Бүгүн, 19-июнда Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт.

Кыргызгидромет борборунун маалыматына ылайык, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Талас облусунда күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 26...31;

Талас облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 25...30;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11...16, күндүз 28...33;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 19...24;

Нарын облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 19...24;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4…+1, күндүз 3…8 градус жылуу болот.

19-июнда Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 13…15°, күндүзгү жогорку температурасы 28…30° жылуу болот.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн