Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 16:54
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Төө-Ашууда кардан улам пайда болгон жол тыгын жөнгө салынууда, - ӨКМ

16.10.2024 10:03
155
Төө-Ашууда кардан улам пайда болгон жол тыгын жөнгө салынууда, - ӨКМ


Төө-Ашууда кардан улам пайда болгон жол тыгын жөнгө салынууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, саат 08:30га карата жеңил унаалар Ош тараптан Бишкек тарапка өткөрүлүп жатат. Жакынкы убакта эки тараптуу жолду ачуу аракети көрүлүүдө.

Жеринде ӨКМден жалпы 66 куткаруучу, 14 техника тартылып, Арал жана Сосновка өтмөгүндө жылынуу пункттары уюштурулган. Ошондой эле куткаруучулар жолдогу жарандарга ысык тамак таратып жатышат. Ал эми жолдогу майы түгөнгөн унааларга күйүүчү май берилүүдө.

№9 Жол тейлөө ишканасынан 10 кызматкер, 2 грейдер, 2 жүктөгүч, 3 самасвал тартылып, тазалоо жумушу жүрүүдө. Мындан сырткары, ИИМден 12 кызматкер, 4 экипаж жолдогу абалды көзөмөлгө алууда.

Кошумча маалымат берилет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн