Кулжа 15, 2025
Убакыт: 00:03
USD
87.30
87.80
EUR
100.40
101.40
RUB
1.085
1.120

Токтогул районунун тургуну 2 кгдан ашык баңгизат менен кармалды

17.02.2021 09:39
849
Токтогул районунун тургуну 2 кгдан ашык баңгизат менен кармалды

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун тургуну баңгизаты менен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин баңгизатына каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.


Буга чейин Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун жергиликтүү тургуну тымызын шартта баңгизатын өстүрүү менен алектенип жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.


Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси "сатып алуу максатында баңги затын мыйзамсыз даярдоо" менен козголгон кылмыш ишинин алкагында, укук коргоо кызматкерлери шектүүнүн жашаган жеринде тинтүү жүргүзүшкөн. Анда үйдүн сарайынан 2 килограмм 635 грамм гашиш табылган. Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилген.


Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн