Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 18:51
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Токтогул, Орто-Токой жана Киров суу сактагычтарында суу ченемден аз

28.04.2020 17:27
1684
Токтогул, Орто-Токой жана Киров суу сактагычтарында суу ченемден аз


Республиканын аймагындагы суу сактагычтарга суунун кирүүсү жылдагыдан аз. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кзматынан билдирди.

 

Маалыматка ылайык, учурда Орто-Токойдо - 126 пайыз, Кировдо - 32 пайыз жана Токтогулда - 153% ченемди түздү. Ал эми абанын температурасы жогорулашына байланыштуу Кыргызстанда 28-апрелге карата дарыяларда суунун дэңгээли көтөрүлгөн. Республиканын көпчүлүк аймагындагы дарыяларда суунун деңгээли  1-9 сантиметрге, ал эми Күмүш Тоо,  Нарын (Нарын шаары), Кара Кулжа дарыяларында  15-23 сантметрге көтөрүлдү.

 

Ошондой эле көпчүлүк дарыяларда суунун агымы көп жылдык байкоолордун ченеминде  жана жогорку ченемдеги  агымда байкалып 82-314%ды түзгөн. Ал эми төмөнкү ченеминдеги агым:  Көгарт, Куршаб,  Доңуз Тоо, Зергер, Ак-Буура, Исфайрам-Сай  дарыяларында, 36-79%да, байкалган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн