Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 08:18
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Токаев: 2 күндөн кийин ЖККУнун аскерлери чыгарыла баштайт

11.01.2022 11:41
1222
Токаев: 2 күндөн кийин ЖККУнун аскерлери чыгарыла баштайт

Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун алкагында Казакстанга киргизилген аскерлер 2 күндөн кийин өлкөдөн чыгарыла баштайт. Бул тууралуу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев билдирди.


Анын айтымында, ЖККУнун аскерлеринин Казакстандагы миссиясы аяктап калды.


"ЖККУнун алкагында Казакстанда тынчтыкты орнотуу үчүн киргизилген аскерлер 2 күндөн кийин өлкөдөн чыгарыла баштайт.

Алардын өлкөбүздөгү миссиясы аяктап калды.  ЖККУ аскерлеринин Казакстанда чыгарылышы 10 күндөй созулушу мүмкүн",- деди Токаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн