Кулжа 14, 2025
Убакыт: 01:20
USD
87.30
87.80
EUR
100.30
101.30
RUB
1.085
1.120

Тогуз-Торо районунда сел жүрүп, үйлөрдү каптады

02.08.2020 11:50
998
Тогуз-Торо районунда сел жүрүп, үйлөрдү каптады



Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда бүгүн, 2-августта саат 07:00дөр чамасында катуу жаандын кесепетинен сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.



Алдын ала маалымат боюнча, жамгырдын кесепетинен Каргалык айылында, Чет-Булак айылында сел жүрүп, 3 турак үйдүн короолорун, огороддорун жана 2 сарайды, ошондой эле ички чарбалык унаа жолдун 700 м аралыгын каптаган. Жерине тактоо иштерин жүргүзүү үчүн Тогуз-Торо райондук ӨКБнөн 2 кызматкер жана Жарандык коргонуу комиссиясы тартылган.

 

Экерте кетсек, буга чейин Кыргызгидромет сел жүрүү коркунучу тууралуу шашылыш эскертүү таркаткан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн