Чын курандын 26, 2025
Убакыт: 17:14
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Тилекмат Кудайберген уулу 19-майга чейин камакка алынды

21.04.2025 13:29
135
Тилекмат Кудайберген уулу 19-майга чейин камакка алынды


Тилекмат Кудайберген уулу 19-майга чейин камакка алынды. Мындай чечимди Биринчи май райондук соту кабыл алды. 


Соттун маалыматына караганда, Биринчи май райондук сотунун бүгүнкү чечими менен УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын ага тергөөчүсүнүн КР Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган кылмыш белгилери боюнча айыпталган Тилекмат Кудайберген уулуна карата баш коргоо чарасын колдонуу жөнүндө өтүнүчү канааттандырылган. 


Ошентип, Кудайберген уулу тергөө жүрүп жаткан учурда, башкача айтканда үстүбүздөгү жылдын 19-майына чейин камакка алынды. 


Эскерте кетсек, 19-апрелде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Кыргызстандын жараны Тилекмат Кудайберген уулу Бириккен Араб Эмираттарынан кармалып, Бишкекке алып келинген.


Атайын кызматтын маалыматына караганда, ал өлкөнүн мыйзамдарына каршы бир катар оор кылмыштарды жасаган деп шектелүүдө. Тактап айтканда, Тилекмат Кудайберген уулу республиканын чегинен сырткары жүргөндө өзүнүн шериктери менен биргеликте социалдык тармактардагы көп сандаган аккаунттары аркылуу, Кыргызстанда бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу менен массалык баш аламандыкты уюштурууга чакырган чагымчыл постторду жана видео кайрылууларды байма-бай жарыялап турган.


Учурда Тилекмат Кудайберген уулу кылмыштуу байланыштарын аныктоо жана кармоо боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары Кыргызстандын аймагында да, республиканын чегинен тышкары жерлерде да жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн