Кулжа 14, 2025
Убакыт: 11:30
USD
87.30
87.80
EUR
100.40
101.40
RUB
1.085
1.120

Тажикстандык министр өз өмүрүн кыюуга аракет кылды

11.08.2020 17:09
1205
Тажикстандык министр өз өмүрүн кыюуга аракет кылды

 

Тажикстандын транспорт министри Худоёр Худоёрзода үй-бүлөлүк чырдан улам өз өмүрүн кыюуга аракет кылган. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн басылмалары жазып чыкты.


Маалыматка ылайык, окуя  бүгүн, 11-август күнү эртең менен болгон. Анда 62 жаштагы Худоёр Худоёрзода үй-бүлөлүк чырдан улам өзүнө бычак менен кол салган. Окуя болгон учурда үй-бүлөсү жаныда болгон жана алар биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн.


Ал учурда “Истиклол” ооруканасында жатканы, буга чейин операция жасалганы, абалы канааттандырарлык экени айтылат.


Худоёр Худоёрзода Тажикстандын транспорт министри болуп 2017-жылы дайындалган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн