Үстүбүздөгү жылдын 14-апрелинде Өзбекстандын борборунда Түрк мамлекеттери уюмунун (ТМУ) алдыңкы аналитикалык борборлорунун "ТМУ мүчө мамлекеттеринин ортосундагы соода мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтуу" темасындагы эл аралык конференциясы өтөт, деп билдирди Өзбекстан Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы.
Конференциянын максаты — соода тоскоолдуктарын жоюу, бажы процедураларын жөнөкөйлөтүү жана санариптик сооданы өнүктүрүү боюнча стратегияларды иштеп чыгуу. Иш-чарада сооданы кеңейтүү, инвестиция тартуу жана ТМУ өлкөлөрүн глобалдык экономикага интеграциялоонун жаңы мүмкүнчүлүктөрү талкууланат.
Конференция төрт сессиядан турат: "Соода абалы жана колдонулбай жаткан мүмкүнчүлүктөр", "Санариптик соода", "Аймактык интеграция" жана "Жашыл экономика".
Иш-чара Өзбекстандын Экономикалык реформаларды изилдөө борбору жана ТМУнун катчылыгы тарабынан уюштурулуп, президент Шавкат Мирзиёевдин баштаган демилгеси менен өткөрүлүп жаткандыгы айтылат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн