Өзбекстандын борборунда "Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөр ортосундагы соода потенциалын кеңейтүү: биргелешкен изилдөөлөр жана стратегиялык чечимдер" аттуу эл аралык конференция өттү.
Иш-чаранын негизги максаты — түрк мамлекеттеринин ортосунда туруктуу соода-экономикалык өнөктөштүктү өнүктүрүү, соодадагы тоскоолдуктарды жоюу жолдорун биргелешип иштеп чыгуу, кызматташтыкты бекемдөө жана аймак өлкөлөрүнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу болуп саналат.
Өзбекстандын Экономикалык изилдөөлөр жана реформалар борборунун (ЦЭИР) директору Обид Хакимов өзүнүн куттуктоо сөзүндө дүйнөлүк рыноктордо туруксуздук күчөп жаткан шартта ТМУ өлкөлөрүнүн күч-аракеттерин бириктирүү маанилүү экенин белгилеп, Уюмду экономикалык кызматташууну тереңдетүү үчүн негизги платформа катары сыпаттады.
"Биздин максат — тобокелчиликтерди баалоо гана эмес, жаңы өсүү чекиттерин табуу. Аналитикалык борборлордун кызматташуусу — бул эксперттик билимге жана өз ара пайдага негизделген интеграциянын пайдубалы", — деди ал.
Онлайн форматта конференциянын катышуучуларына Кыргызстандын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директорунун орун басары Динара Дүйшөнкул кызы да кайрылып, соода жана логистикалык процесстерди санариптештирүүнүн маанисине токтолду.
"Санариптик чечимдерди киргизүү товар жүгүртүүнүн натыйжалуулугун жогорулатып, логистиканы жөнөкөйлөтүп, Кыргызстан менен башка ТМУ өлкөлөрүнүн дүйнөлүк экономикадагы ордун чыңдай алат", — деди ал.
Конференцияга Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия, Венгрия жана Өзбекстандан 16 улуттук аналитикалык борбордун өкүлдөрү катышты. Ошондой эле иш-чарага Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин кызматкерлери, анын ичинде элчи Дүйшөнкул Чотонов баш болгон делегация да катышты.
Ардактуу коноктордун катарында ТМУ башкы катчысынын орун басары Мерей Мукажан жана Түрк академиясынын вице-президенти Асхат Кесикбаев болду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн