Теке 30, 2025
Убакыт: 04:23
USD
87.30
87.80
EUR
100.60
101.60
RUB
1.050
1.090

Ташиев Эне-баланы коргоо улуттук борборуна медициналык жабдык тапшырды

10.06.2025 14:23
126
Ташиев Эне-баланы коргоо улуттук борборуна медициналык жабдык тапшырды


Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна SonoScape 550 маркасындагы "Эндоскоп" медициналык жабдыктары тапшырылды.


Ведомстводон маалымдашкандай, медициналык жабдыктарды министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев тапшырды.


Жабдыктар борбордун дарыгерлеринин кайрылуусуна ылайык, балдар эндоскопия бөлүмү үчүн 16,5 млн сомго сатып алынган.


Камчыбек Ташиев Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты.


Белгиленгендей, бул жабдуулар ички органдарды жана ар кандай хирургиялык манипуляцияларды изилдөөгө мүмкүндүк берет жана балдардын ар кандай ооруларын дарылоо боюнча медициналык кызматкерлердин ишин жеңилдетет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн