Кулжа 14, 2025
Убакыт: 16:23
USD
87.30
87.80
EUR
100.40
101.40
RUB
1.085
1.120

Таш-Көмүрдөгү үй-бүлө аш өткөрүүнүн ордуна пайдалуу иш жасап, башкаларга үлгү болушту

17.09.2020 17:14
1481
Таш-Көмүрдөгү үй-бүлө аш өткөрүүнүн ордуна пайдалуу иш жасап, башкаларга үлгү болушту


Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Алма айылындагы Койчумановдордун үй-бүлөсү чоң атасынын жылдыгын өткөрүүнүн ордуна жергиликтүү мечитке жардам берди. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, Таш-Көмүр шаарынын хатибияты жергиликтүү элге ысырапкерчиликке каршы күрөшүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келишет. 


"Мындай иштердин натыйжасында Кызыл-Алма айылында жашаган Койчумановдордун үй-бүлөсү мындан бир жыл мурун көзү өткөн атасына жылдык өткөрүү үчүн жумшала турган каражатты айылда жайгашкан “Азирети Али” мечитинин ички жасалгасына жумшап, сообун атасынын арбагына багыштады. Тактап айтканда, бул үй-бүлө мүчөлөрү мечитке 50 000 сом акча которуп беришти", - деп айтылат маалыматта. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн