Бугу 06, 2025
Убакыт: 01:53
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.050
1.090

Тарыхта алгачкы жолу кара терилүү аял эл аралык космос станциясына учат

01.09.2020 13:13
770
Тарыхта алгачкы жолу кара терилүү аял эл аралык космос станциясына учат

АКШнын Космостук агенттиги - NASA кабарлагандай, астронавт Жанетт Эппс 2021-жылы эки кесиптеши менен Эл аралык космос станциясына учат. 

Маалыматка таянсак, Нью-Йоркто жашаган 49 жаштагы Эппс тарыхта алгачкы  ирет аталган станцияда иштеген кара терилүү аял болот.

Эске салсак, 2000-жылы аэрокосмикалык техника боюнча доктор макамын алган Эппс космоско 2018-жылы учмак. Бирок учууга бир ай калганда кандайдыр бир белгисиз себептен улам орду башка адиске алмаштырылган эле. 

Жанетт Эппс Эл аралык космос станциясына "Boeing CST-100 Starliner" кемесинде чыгаары айтылган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн