Таласта окубаган студенттерге мыйзамсыз диплом берилгени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Айтматов райондук прокуратурасы тарабынан билим берүү жаатындагы мыйзамдардын сакталышына карата текшерүү жүргүзүлгөн. Натыйжада №13 Ч.Түлөбердиев атындагы кесиптик лицейинде окууга келбеген жана Кыргызстандын аймагында болбогон 14 жаранга экзамендик баалар коюлуп, тиешелүү адистиктер боюнча мыйзамсыз дипломдор берилгени аныкталды.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн