Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 19:45
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Талант Мамытов Руслан Казакбаевди кабыл алды

17.11.2020 15:57
619
Талант Мамытов Руслан Казакбаевди кабыл алды

Бүгүн, 17-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов тышкы иштер министри  Руслан Казакаевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 


Жолугушуунун жүрүшүндө ТИМ башчысы өлкөнүн тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарын өнүктүрүү жаатындагы ишмердүүлүгү, жогорку деңгээлде жетишилген келишимдерди жүзөгө ашыруу боюнча иштер, ошондой эле чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктардын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо маселелери тууралуу маалымат берди.

Президенттин милдетин аткаруучу чет өлкөлүк өнөктөштөр менен эки жакка тең пайдалуу жана иштиктүү байланыштарды ырааттуу өнүктүрүү үчүн тышкы саясатты мындан ары натыйжалуу жүргүзүүнүн зарылдыгын баса белгиледи.

Талант Мамытов Тышкы иштер министрлигинин алдына өлкөнүн тышкы саясий курсун мындан ары натыйжалуу ишке ашырууга багытталган бир катар конкреттүү милдеттерди койду. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн