Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 19:48
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Талант Мамытов 2021-жылдын бюджети жөнүндө мыйзамга кол койду

04.01.2021 17:27
777
Талант Мамытов  2021-жылдын бюджети жөнүндө мыйзамга кол койду

Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов «Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.


Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 10-декабрында кабыл алынган.


Аталган мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети кирешелер боюнча 172 891,6 млн сом суммасында жана чыгашалар боюнча 181 354,8 млн сом суммасында бекитилди. 2020-жылга республика бюджетинин тартыштыгынын чектелген өлчөмү 8 463,2 млн сом суммасында белгиленди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн