Бүгүн саат 09:00гө карата алынган маалыматка ылайык, Такыр-Төр көлүнүн суусунун көлөмү көбөйүп, 782 адам эвакуацияланды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, куткаруучулар Алмалуу айлынан 500 адамды, Кебек-Бий (Горная-Серафимовка) айылынан 240 адамды, Төмөнкү-Серафимовка айылында жайгашкан карылар үйүнөн 42 адамды коопсуз жайга эвакуациялашты.
Төмөнкү-Серафимовка айылында жайгашкан карылар үйүндөгү жарандар тез жардам унаасы менен эвакуацияланды. Эвакуация иштерине ӨКМден 21 кызматкер, 80 милиция кызматкери, 15 ыкчам унаасы жана 8 тез жардам унаасы, 7 кичи автобус жана жеке менчик жеңил унаалар тартылган.
Маалым болгондой, бүгүн 1-июль күнү түнкү саат 03:00 чамаларында Ысык-Ата районунда жайгашкан Такыр-Төр көлүнүн агып жаткан суусунун көлөмү көбөйө баштап, Алмалуу жана Кебек-Бий айылдарынын ортосундагы унаа жолду каптап, жол жабылган.
Азыркы учурда абал турукташкандыгына байланыштуу эвакуация болгон жарандар өз үйлөрүнө кайтышууда.
Такыр-Төр көлү боюнча абал өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин жеке көзөмөлүндө.
Эскерте кетсек, 27-июнда Такыр-Төр көлү жырылып, Ысык-Ата районунун Алмалуу, Кебек-Бий жана Төмөнкү-Серафимовка айылдарына коркунуч жаралган. Буга байланыштуу 950дөй адам эвакуацияланган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн