Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 04:25
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

ТМУга мүчө мамлекеттердин Борбордук банктар кеңешин түзүү жөнүндө меморандумга кол коюлду

06.11.2024 10:30
422
ТМУга мүчө мамлекеттердин Борбордук банктар кеңешин түзүү жөнүндө меморандумга кол коюлду


Бишкек шаарында өтүп жаткан Түрк мамлекеттер уюмунун 11-саммитинин алкагында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин Борбордук (улуттук) банктар кеңешин түзүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Банктан билдиришкендей, меморандумга Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасы Мелис Тургунбаев, Азербайжандын Борбордук банкынын төрагасы Талех Кязымов, Казакстандын Улуттук банкынын төрагасы Тимур Сулейменов, Түркиянын Борбордук банкынын төрагасы Фатих Карахан жана Өзбекстандын Борбордук банкынын төрагасы Мамаризо Нурмуратов кол коюшту.

Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин Борбордук (улуттук) банктар кеңешин түзүү борбордук банктардын ортосундагы натыйжалуу кызматташууну бекемдөөгө, акча-кредит саясаты, финансылык туруктуулук, төлөм системасын жана финансылык технологияларды өнүктүрүү жаатында тажрыйба алмашуу максатында биргелешкен консультацияларды жана изилдөөлөрдү жүргүзүүгө багытталган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн