Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Сузак районунда Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан эл аралык темир жолунун негизги объекттери делген туннелдин курулушунун башталышына арналган иш-чарага катышты.
Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун негизги объекттеринин курулушун баштоо президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде бүгүн башталды.
Анда сөз сүйлөгөн минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолу – бул жөн гана транспорттук коридор эмес, Чыгыш менен Батыш өлкөлөрүн байланыштыра турган маанилүү стратегиялык көпүрө болоорун билдирди.
“Бул долбоор инфраструктуралык гана мааниге ээ эмес, жашоонун жаңы сапатына, экономикалык өсүшкө, аймактар менен элдердин байланышын бекемдөөгө багытталган жол болуп саналат. Ал соода, инвестиция, өнөр жайды өнүктүрүү жана логистика үчүн жаңы мүмкүнчүлүк ачат, миңдеген жумуш орундарын түзөт жана биздин өлкөлөрдүн экономикасына күчтүү импульс берет. Бул масштабдуу иш-чарага салым кошуп жаткан баарыңвздарга ыраазычылык билдирем. Биз жөн гана жол куруп жаткан жокпуз, биз келечекти куруп жатабыз”, — деди Бакыт Төрөбаев.
Ал эми иш-чарага катышкан Кытай жана Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиликтеринин, ошондой эле үч өлкөнүн мамлекеттик органдарынын, “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол компаниясы” биргелешкен ишканасынын өкүлдөрү, бул курулуп баштаган темир жол – биримдиктин, прогресстин жана келечекке болгон ишенимдин символу болоорун билдиришти.
Белгилей кетсек, курулуш иштери башталган бул туннелдин жалпы узундугу 12 чакырымды түзөт, ал Сузак районунан башталып, Нарын облусунун Тогуз-Торо районунан бүтөт. Узундугу ушундай эле болгон дагы 2 ири туннелдин курулушу Нарын жана Жалал-Абад облустарында пландалган.
Кыргызстандын аймагындагы Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорунун жалпы узундугу 300 чакырымдан ашуун аралыкты камтып, курулуштун жалпы наркы 4 млрд 700 млн долларды түзөт.
Өлкөдөгү стратегиялык жана экономикалык мааниге ээ болгон темир жолдун курулушуна 20 000ден ашык адам жумушка тартылат.
Бул темир жолдун курулушу техникалык-инженердик жактан татаал долбоорлордун бири. Анткени долбоордун алкагында жалпы узундугу 120 чакырымды түзгөн 46 көпүрөнүн жана 27 туннелдин курулушу каралган. Бул жалпы темир жолдун 40%зы туннелдерден жана көпүрөлөрдөн тургандыгын билдирет.
Эскерте кетсек, 2024-жылдын 27-декабрында Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун курулушунун башталышына старт берилип, анда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Кытайдын төрагасы Си Цзинпин, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев долбоордун старт берилишине байланыштуу кайрылуу жасашып, бул долбоордун маанилүүлүгүнө токтолушкан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн