Баш оона 01, 2025
Убакыт: 19:31
USD
87.30
87.80
EUR
99.40
100.40
RUB
1.080
1.110

Сүйүнчү! Айсулуу Тыныбекова Азиянын 5 жолку чемпиону болду

12.04.2023 19:28
1158
Сүйүнчү! Айсулуу Тыныбекова Азиянын 5 жолку чемпиону болду

Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Казакстанда өтүп жаткан кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Азия чемпионатынын финалына чыкты.


Тыныбекова 62 кг салмакта мелдештин чейрек финалынан баштап катышууда. Ал алгач өзбекстандык Дильфуза Аимбетованы 4:0 эсебинде утуп, жарым финалга көтөрүлдү. Анда кыргыз кызы япониялык Нонока Озакиге каршы килемге чыкты. Тыныбекова кармаш башталганда эки упай ала алды, бирок Озаки акырындык менен эсепти 2:2ге айлантканга үлгүрдү. Бирок кыргыз спортчусу эки упайлык ыкма жасагандыгы үчүн жеңиш ага берилди.


Алтын үчүн кармашта Тыныбекова монголиялык Орхон Пуревдорж менен күрөшүп,  аны 9:5 эсебинде утту.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн