Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 05:08
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Стамбулдан келген дене табы жогору кыргызстандык ооруканага түштү

09.03.2020 15:59
1847
Стамбулдан келген дене табы жогору кыргызстандык ооруканага түштү


Республикалык инфекциялык ооруканага бүгүн, 9-мартта дене табы көтөрүлгөн Стамбулдан келген кыргызстандык жаран жаткырылды. Бул тууралуу оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев АКИpres агенттигине билдирди.


Анын айтымында, аталган жаран ооруканага 9-мартта эрте менен "Манас" аэропортунан алынып келинди. "Тепловизор анын дене табы жогору экенин көрсөтүп, курч респиратордук вирустук инфекция (ОРВИ) деген диагноз коюлду. Аны менен катар коронавируска анализ алынды, жыйынтыгы кечке жуук билинет", - деди башкы дарыгер.


Ал белгилегендей, кыргызстандык бул жаран Стамбулда гана болгон. Эпидемиялык абал курч болгон башка мамлекеттерде болгон эмес. Саламаттык сактоо министрлигинин бекиткен тартибине ылайык,текшерүүдөн өткөн. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн