Кулжа 12, 2025
Убакыт: 01:48
USD
87.30
87.80
EUR
99.50
100.50
RUB
1.095
1.125

Соттуулугу барлар жогорку кызматтарга бара албайт. Мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды

27.05.2025 09:41
151
Соттуулугу барлар жогорку кызматтарга бара албайт. Мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды


Соттуулугу барлар, анысы жоюлган же алынган болсо да жогорку кызмат орундарына бара албайт. Тиешелүү мыйзам долбоорун Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет биринчи окууда колдоп берди. 


Документти мамлекеттик органдардагы коррупцияга каршы күрөштүн экинчи этабында УКМК иштеп чыккан. 


Ага ылайык, соттуулугу барлар төмөнкү кызматтарга талапкер боло албайт: 

- президенттикке жана Жогорку Кеңешке талапкерликке; 

- министрлер кабинетине жана мамлекеттик органдарга жетекчи болуп дайындалууга;

- Борбордук шайлоо комиссиясына мүчө болууга; 

- Улуттук банктын жетекчилигине жана Эсеп палатасынын аудитору болууга. 


Эске салсак, коррупция менен күрөштүн алкагында жазаларды катаалдаткан мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык, коррупционерлер мамлекеттик же муниципалдык кызматта иштей албайт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн