Баш оона 04, 2025
Убакыт: 13:59
USD
87.30
87.80
EUR
100.70
101.70
RUB
1.085
1.110

“Социалдык келишимдин” алкагында алгачкы “миллионерлер” пайда болду

04.08.2025 10:53
9
“Социалдык келишимдин” алкагында алгачкы “миллионерлер” пайда болду


Өлкөдө "Социалдык контракт" программасынын алкагында алгачкы 5 жаран миллиондук кирешеге жетишти. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин коллегиялык жыйынында белгилүү болду.


Маалыматка ылайык, жыйында быйыл социалдык жардамдын өлчөмү 100 миң сомдон 150 миң сомго чейин көбөйгөнү белгиленди.


Мындан тышкары, жыйында алгачкы жолу жылдык кирешеси 1 млн сомду түзгөн "беш миллионер" – жогорку кирешеге жетишип, бизнесин кеңейткен жана жаңы жумуш орундарына шарт түзгөн катышуучулар аныкталды.


2025-жылы 13 миң 333 аз камсыз жана жакыр үй-бүлө жогорулатылган жардам суммасы менен программага катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.


2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында 6 046 арыз тапшырылып, алардын ичинен 2 241 үй-бүлө социалдык контракт алган. Жалпысынан программа 9 078 адамды камтыйт, алардын арасында 4 508 бала жана 45 майыптыгы бар адам бар.


Социалдык контракт багыттары боюнча долбоорлордун 68,9 пайызы айыл чарбасына, 11,9 пайызы өндүрүшкө, 10 пайызы кызмат көрсөтүү тармагына, 9,2 пайызы соодага туура келет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн