Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 01:59
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Сосновка постунда оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди

20.12.2024 12:04
310
Сосновка постунда оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди


Бүгүн, 20-декабрь саат 10:30дан тарта Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралууТранспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда Бишкек – Ош унаа жолундагы Төө-Ашууда кар жаап, аймакты караган №9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо, инерттик материалдарды чачуу иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

Министрлик айдоочуларды кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоо менен керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн