Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 03:58
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Сокулукта телефонду күч менен тартып алган 3 жаран кармалды

22.04.2022 15:32
476
Сокулукта телефонду күч менен тартып алган 3 жаран кармалды

Сокулук районунда тоноого шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.


Билдирүүгө ылайык, Сокулук РИИБине Сокулук районуна караштуу Кашка-Баш айылында белгисиз адамдар тарабынан тоноочулук болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.


Аталган маалымат боюнча ыкчам-тергөө тобу чыгып, 2022-жылдын 3-апрель күнү Кашка-Баш айылынын талаасында бейтааныш адамдар күч колдонуп, телефонун тартып алып, автоунаага отуруп, из жашырып кетишкендиги белгилүү болгон.


Бул факты Сокулук РИИБи тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Тоноо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.


Чүй ОИИББнын жана Сокулук РИИБнин кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышке шектелип, 2001-жылы туулган И.А., 1994-жылы туулган Н.Э. жана 2005-жылы туулган О.Д. аттуу жарандар кармалып, анын ичинен эки шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.


Териштирүү иштери улантылууда.


 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн