Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 21:48
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Сокулукта маданият үйү, стадион жана соцобъекттер мамлекетке кайтарылды

08.06.2021 11:05
1441
Сокулукта маданият үйү, стадион жана соцобъекттер мамлекетке кайтарылды

Чүй облусттук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен жалпы баасы 23 728 000 сом болгон социалдык объектилер – маданият үйү менен стадион Сокулук районунун Шопоков шаардык мэриясынын балансына коюлду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.


Прокурордук текшерүүдөгү мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоо учурунда, Шопоков шаардык мэриясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Объекттерди муниципалдык менчикке берүү жөнүндө" токтомун бузуу менен жогорудагы социалдык инфраструктура объектилери баланска кабыл алынбай калгандыгы аныкталды. 


Мамлекеттик мүлктү коргоо жана сактоо максатында прокуратура тарабынан Шопоков шаардык мэриясына прокурордук чара көрүү актысы киргизилип, аны кароонун жыйынтыгы менен жогоруда аталган объектилер муниципалитеттин балансына кабыл алынды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн