Теке 15, 2025
Убакыт: 18:12
USD
87.30
87.80
EUR
101.60
102.60
RUB
1.116
1.135

Си Цзиньпин ШКУ өлкөлөрүнүн ТИМ башчылары менен жолугушту

15.07.2025 12:00
17
Си Цзиньпин ШКУ өлкөлөрүнүн ТИМ башчылары менен жолугушту


Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кытай төрагасы Си Цзиньпиндин ШКУга мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер ведомстволорунун башчылары менен болгон коллегиялык жыйынына катышты.


ТИМден билдиришкендей, иш-чара бүгүн Пекин шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынынын алкагында орун алды.


Жолугушууда Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин ШКУнун алкагында өз ара ишенимди жана тилектештикти чыңдоонун стратегиялык маанисин белгилеп, уюмга мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы саясий диалогду, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал аймактагы тынчтык, стабилдүүлүк жана туруктуу өнүгүү кызыкчылыгында Кытайдын биргелешкен демилгелерди илгерилетүү ниети бар экенин билдирди.


Кытай төрагасы өз сөзүндө 2024–2025-жылдары ШКУдагы кытай төрагалыгынын артыкчылыктарына жана жыйынтыктарына өзгөчө көңүл буруп, заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөшүүдө координацияны тереңдетүү маселесин өзгөчө белгиледи.


Жолугушууга ошондой эле Беларусь, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын тышкы иштер ведомстволорунун башчылары катышты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн