Баш оона 01, 2025
Убакыт: 16:44
USD
87.30
87.80
EUR
99.40
100.40
RUB
1.080
1.110

Селден улам Ош — Сары-Таш — Эркечтам унаа жолу жабылды

08.07.2024 17:11
351
Селден улам Ош — Сары-Таш — Эркечтам унаа жолу жабылды


Нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жүрүп Ош — Сары-Таш — Эркечтам унаа жолунун 71-чакырымында (эки жерде) каттам токтоду. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирип, видеосун таратты.


Маалыматка ылайык, азыркы тапта да аталган аймакта жамгыр төгүп жатат.


Ошондой эле талган трассанын 133-135-чакырым аралыгында (3 жерде) жол бир тараптуу жабылды.


Сел түшкөн тилкелерге Жол тейлөө мекемесинин жолчулары жана тиешелүү техникалар тартылганы кошумчаланды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн