Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 00:09
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Сауд Аравия Кыргызстанда майыптыгы барлар үчүн реабилитациялык борбор куруп берүүнү пландоодо

19.02.2025 11:25
290
Сауд Аравия Кыргызстанда майыптыгы барлар үчүн реабилитациялык борбор куруп берүүнү пландоодо


Күн мурун эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров Сауд Арабия Королдугунун Кыргызстандагы элчиси Ибрагим Ради Алради менен жолугушту.


Ведомстводон билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн ортосундагы социалдык-гуманитардык кызматташуунун абалын олуттуу өсүшүн баса белгиледи.


Ошондой эле калктын аялуу катмарын колдоого алуу тууралуу бир катар долбоорлорду ишке ашырууну талкуулады.

Кыргызстандын жарандарын Сауд Аравияда ишке орноштуруу жаатында кызматташууну кеңейтүүгө эки тараптын тең кызыкдар экенин ырасташты.


Равшанбек Сабиров кыргызстандыктарды ишке орноштуруу боюнча келишим түзүүнү сунуштап, жумуш издеген адамдар аталган өлкөнүн эмгек айдыңындагы талаптарга жооп бериши үчүн алдын ала даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу программаларын ишке ашыруу аракеттеринин маанилүүлүгүн баса белгиледи.


Белгилей кетсек, 2022-жылдан бери Король Салмандын гуманитардык борбору Кыргызстанга жыл сайын 25 тонна курма жеткирүү түрүндө бекер жардам көрсөтүп келет. Ал эми “Азык-түлүк кутуча" аталышындагы гуманитардык долбоордун алкагында аялуу категорияларына азык-түлүк пакеттери таратылып келе жатат.


Ун, өсүмдүк майы, шекер, күрүч, төө буурчак жана жергиликтүү базарлардан сатылып алынууда.


Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Бишкек жана Ош шаарларында майыптыгы бар адамдарды турак-жай менен камсыз кылуу жана реабилитациялык борборлорду куруу боюнча гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча макулдашты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн