Кулжа 13, 2025
Убакыт: 04:54
USD
87.30
87.80
EUR
100.80
101.80
RUB
1.085
1.125

Самидин Атабаев коррупцияга шектелип кармалган Оштун казысынын ордуна дайындалды

26.05.2025 17:08
395
Самидин Атабаев коррупцияга шектелип кармалган Оштун казысынын ордуна дайындалды


Коррупцияга шектелип кармалган Оштун казысынын ордуна Самидин Атабаев дайындалды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан кабарлашты. 


Тиешелүү тескемеге муфтий Абдулазиз Закиров кол койгон. 


Самидин Атабаев 1973-жылы Өзгөндө туулган. Ал Кыргызстанда жана Россияда диний жана юридикалык билим алып, ар кайсы диний мекемелерде жетекчилик кызматтарды аркалаган. Буга чейин Бишкек, Ош, Ысык-Көл казылыктарын жетектеген. Араб, түрк жана орус тилдерин билет. 


Буга чейин Ош шаарынын казысы Мирлан Токтомушев коррупцияга шектелип УКМК тарабынан кармалган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн