Чын курандын 26, 2025
Убакыт: 17:09
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Салыктык эмес кирешелер жана Укук бузуулар жөнүндө кодекстерге өзгөртүү киргизилди

17.04.2025 13:57
219
Салыктык эмес кирешелер жана Укук бузуулар жөнүндө кодекстерге өзгөртүү киргизилди


Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (КР Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине, КР Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР мыйзамына кол койду.


Мыйзам 2025-жылдын 13-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.


Мыйзам жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап тургандыгы үчүн жыйымды башкарууну өркүндөтүү максатында кабыл алынган.


Тактап айтканда, мыйзамда төмөнкүлөр жөнүндө ченемдер каралган:


-  төлөөчү жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны 6 жыл бою кармап тургандыгы үчүн жыйым боюнча салыктык эмес кирешенин төлөнгөндүгүн ырастоочу документтердин сакталышын камсыз кылууга милдеттүү;


-  салык кызматынын органдары төлөөчүлөргө жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап тургандыгы үчүн жыйым боюнча милдеттенмелерди аткарууга көмөк көрсөтөт, ошондой эле жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап тургандыгы үчүн жыйымдар боюнча бюджеттин ресурстарын администрациялоону жүзөгө ашырат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн