Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 19:26
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Саламаттык сактоо министрлигине бөлүнгөн каражаттар ачык-айкын иштетилет

25.03.2020 09:55
797
Саламаттык сактоо министрлигине бөлүнгөн каражаттар ачык-айкын иштетилет


Саламаттык сактоо министрлигине бөлүнгөн каражаттар ачык-айкын иштетилет. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова Өкмөт үйүндө өтүп жаткан маалымат жыйында билдирди. 


Анын айтуусуна караганда министрликке бөлүнгөн акчаны да тыкыр көзөмөлдөгөн органдар бар. 


“Саламаттык сактоо министрлигине бөлүнгөн каражаттар боюнча, биз тийиштүү маалыматты сайтка чыгара алабыз. Бул каражаттардын жумшалышын тыкыр көзөмөлдөп жана текшерип жаткан компетенттүү органдар бар, анын катарында министрликке караштуу Коомдук байкоо кеӊеши да бар”, - деди Айнура Акматова.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн