Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 15:31
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Саха Республикасынын башчысы иш сапары менен Кыргызстанга келди

29.11.2024 12:40
197
Саха Республикасынын башчысы иш сапары менен Кыргызстанга келди


Саха Республикасынын башчысы (Якутия, Россия Федерациясы) Айсен Николаев иш сапары менен Кыргызстанга келди.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, аны "Манас" аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тосуп алды.

Иш сапардын алкагында Кыргызстандын жетекчилери менен жолугушуу, өлкөнүн маданий жерлери менен таанышуу, ошондой эле Бишкекте өтө турган Мас-рестлинг боюнча VI дүйнөлүк чемпионаттын салтанаттуу ачылышына катышуу пландалууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн