Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 15:30
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Садыр Жапаров иш сапары менен Бакуга барды

12.11.2024 09:06
1011
Садыр Жапаров иш сапары менен Бакуга барды


Президент Садыр Жапаров 11-ноябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүүсү боюнча Алкактык Конвенциясынын (БУУ КӨАК) тараптарынын 29-конференциясына катышуу үчүн Азербайжандын Баку шаарына иш сапар менен келди.

Мамлекет башчынын учагы Гейдар Алиев атындагы эл аралык аэропортко конду.

Эске салсак, иш сапардын алкагында 12-ноябрда мамлекет башчысы Климаттык саммиттин ачылыш аземине катышып, конференциянын пленардык сессиясында сөз сүйлөйт.

Кыргызстан тарабынан Азербайжан жана Монголия менен биргеликте БУУ КӨАК КОП29 талааларында уюштурулуп жаткан “Жогорку деңгээлдеги диалог: Тоо күн тартибин илгерилетүү жана тоолор темасын жана климаттын өзгөрүшүн актуалдаштыруу” иш-чарасында Президент Садыр Жапаров, Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух, Непалдын Президенти Рам Чандра Поуделдин, ошондой эле башка делегациялардын жана эл аралык уюмдардын башчыларынын сүйлөгөн сөздөрү болот. Аталган иш-чара 13-ноябрда өтөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн